2 Temmuz 2016 Cumartesi

Киришүү

Киришүү

Бир жерде көпкө эс алып кайтып келгенде, үйүнүн өтө тартиптүү жана кооз болуп жаңы эмеректер менен төшөлүп калганын, ага керектүү бүт нерселер эске алынып, анын баарынын жасалып калганын көргөн бир адам бул көрүнүшкө өтө таң калып, таасирленет. Анан мага бул сюрпризди даярдаган киши ким болду экен деп кызыгып баштайт. Албетте, мындай керемет сюрпризге кайдыгер мамиле кылышы мүмкүн эмес. Мисалы, «кандай болсо да болуптур да иши кылып, бул мени кызыктырбайт» дей албайт. «Бүт нерсе өзүнөн-өзү же кокустан пайда болгон, буюмдар өздөрү эле үйгө келип, өз ордуна жайгашып калган» деп эч качан ойлобойт. Себеби булардын баары белгилүү бир акыл, аң-сезим жана күч талап кылат. Ошондуктан, бүт баарын ойлонгон жана пландап жасалгалаган бирөөнүн бар экени апачык көрүнүп турат.
Бул мисалдагы жагдай бүт аалам, дүйнөбүз жана жандуу-жансыз бүт нерселерге да тиешелүү. Ааламда адам денесинен асманга, жаныбарлардан океандардын түбүнө чейин бүт нерселерде жана кубулуштарда өтө комплекстүү системалар жана сансыз, өтө так тең салмактуулуктар бар. Ойлонгон жана акылын колдоно алган ар бир адам бул комплекстүү системалар менен өтө так тең салмактуулуктарды жогору курудеттүү жана акылдуу Улуу Аллахтын жаратканын түшүнөт.
Мындай түшүнүккө жеткен адам айланасындагы бүт нерселерде ага Аллахты тааныта турган сансыз далилдерди көрөт. Мисалы, ылай топурактан чыккан түркүн түстүү, сонун жыттуу гүлдөр, даамдуу жашылча-жемиштер жана мөмөлөр, буларды сездирген сезүү органдары, ичинде көптөгөн комплекстүү система кемчиликсиз жана гармониялуу иштеген адам денеси, дүйнөбүздү жарык кылган, жылыткан жана бул үчүн бизге эң ылайыктуу аралыкта жана чоңдукта жаратылган күн, бопбоз топуракты жандандырган жамгыр жана ааламдын бүт тарабын курчаган ушулар сыяктуу дагы сансыз далилдер...
Булардын баары бир «ыйман акыйкаты». Б.а. адамды ыйманга алып баруучу жана ыйманынын бекемделишине себепчи болуучу чындыктар, жаратуу кереметтери. Бул далилдер жөнүндө терең ой жүгүрткөн ар бир абийирлүү (жүрөгү таза) адам Аллахтын бар экенин жана улуулугун апачык көрүп, ыйман кылат (ишенет). Ыйман кылгандар болсо ыйман акыйкаттары аркылуу Аллахты жакшыраак таанып, Ага болгон ыйманы, сүйүүсү жана коркуусу андан да өсөт.
Бирок адамдардын көпчүлүгү жаш кезинен баштап тынымсыз материалисттик пикирлер менен сугарылгандыктан, айланаларындагы мындай ыйман акыйкаттарын байкай алышпайт. Бүт нерсени кокустуктардан, туш келди же табигый окуялардан көз-карандыдай көрсөткөн материалисттик пикирлер адамдардын бүт ааламды курчаган апачык жаратуу кереметтерин көрүшүнө жолтоо болот. Көздөрүнүн алдына көрүнбөс бир парда тарткандай болот. Көп адамдар ыйман акыйкаттарына «Аллах кандай сонун жараткан» деп карабай, «кандай сонун» деп карайт, б.а. капылеттик көзү менен баа берет. Бул китептин максаты – кээ бир адамдардын көз алдындагы капылеттик пардасынын ачылышына көмөкчү болуу. Ушул себептен бүт ааламды курчаган ыйман акыйкаттарынын жакшылап изилденип адамдарга жеткирилишинин маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылынат. Китепте, ошондой эле, кээ бир Ислам аалымдарынын ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү пикирлерине жана кээ бир ыйман акыйкаты мисалдарына орун берилет. Мындан тышкары, акыр заманда адамдарды атеизмге жана динсиздикке түрткөн жана эң чоң алдамчылык болгон эволюция теориясынын жалган көз-караштарына каршы ыйман акыйкаттарынын кандайча эң натыйжалуу курал экени да каралат.

Акылдуу Долбоор (План), Б.А. Жаратылуу

Бул китепте маал-маалы менен колдонулган «план (долбоор)» сөзүн туура түшүнүү керек. Аллахтын кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратканы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план (долбоор)» түзүүгө муктаж эмес экенин билүү керек. Аллахтын пландап-долбоорлошу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу-таза, жогору. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын ишке ашышы үчүн «Бол!» деп айтып коюшу гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

1- Бөлүм: Куранда Ыйман Акыйкаттары

1- Бөлүм: Куранда Ыйман Акыйкаттары

Ислам аалымдары «ыйман акыйкаттары» же «хакаик-и иманийе» деп атаган нерсе адамдарды ыйманга багыттаган, Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына далил болгон, Анын улуу кудуретин, илимин жана чеберчилигин көз алдыга тартуулаган ар түрдүү жаратылуу чындыгын, маалымат жана далилдерди камтыйт. «Ыйман акыйкаты» түшүнүгүнө «ыйманга жеткирген, ыйманга себепчи болгон жана ошондой эле ыймандын бекемделишине, өсүшүнө жана күчтөнүшүнө шарт түзгөн чындыктар» деп аныктама берүүгө да болот.
Адамдар Аллахтын Затын көрө алышпайт. Бирок Анын бар экенин, кудуретин жана кээ бир сыпаттарын Анын жараткан нерселерине карап түшүнүшөт. Ар бир сүрөт өз сүрөтчүсүн тааныткандай, жандуу жана жансыз нерселер да аларды жараткан Аллахты бизге таанытышат. Адам булар жөнүндө ойлонуп, жаратуу далилдерине күбө болушу керек. Аллах Куранда төө, чиркей, аары, жөргөмүш сыяктуу ар кандай жандыктарды, өсүмдүктөрдү, дарактарды, тоолорду, жерлерди, асмандарды бир ыйман акыйкаты, б.а. жаратуу керемети катары мисал берген. Ушул сыяктуу ыйман акыйкаттарына көңүл бурган аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын? Асманды, кантип көтөрүлгөнүн? Тоолорду; кантип отургузулуп-курулганын? Жерди; кантип жайылып-төшөлгөнүн? (Гашия Сүрөсү, 17-20)
Албетте, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ушундайча ыйман келтиргендер, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылыптыр?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)
And He has made everything in the heavens and everything on Earth subservient to you. It is all from Him. There are certainly Signs in that for people who reflect.
(Qur'an, 45:13)
Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)
Күндү бир жарык кылуучу, айды бир нур кылган жана жылдардын санын жана эсепти билишиңер үчүн ага орундарды аныктап койгон – Ал (Аллах). Аллах буларды акыйкат менен гана жаратты. Ал билүүчү бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден баяндап берүүдө. Чындыгында түн менен күндүздүн кезек менен келишинде жана Аллах асмандарда жана жерде жараткан нерселерде коркуп-тартынган бир коом үчүн албетте аяттар бар.(Йунус Сүрөсү, 5-6)
Аяттарда басым жасалган бул ыйман акыйкаттары таза жүрөк (абийир) менен ойлонгон ар бир адам үчүн аны Аллахтын бар экенин түшүнүүгө жана Ага жакындоого алып баруучу өтө маанилүү себепчилер болот.
Албетте, ыйман акыйкаттары бул аяттардагы мисалдар менен эле чектелбейт. Айланабызда көргөн –же көрө албаган- көптөгөн нерселер жүрөгү менен жана акылы менен караган ар бир адам үчүн бир ыйман акыйкаты болот. Мисалы, бакчада бараткан кумурска, столдо турган гүл, көчөдөгү же үйүбүздөгү мышык, ит же чымчык, денебиз, асмандардагы жана жердеги тартип, жамгырдын жаашы, айланабызды ороп бизди космостон келген зыяндуу нурлардан жана заттардан коргогон атмосфера жана ушул сыяктуу дагы канчалаган нерселер Аллахты таанууну каалаган ар бир адам үчүн бир ыйман акыйкаты боло алат. Чоң бир жылдыздын өмүрү ыйман далили болгон сыяктуу, денебиздин кандайдыр бир органы да ыйманга багыттоочу бир акыйкат боло алат.
Өмүр бою айланасында көргөн же уккан нерселеринин баарында Аллахтын аяттарын байкап алар жөнүндө ойлонуу ыймандуу адам үчүн чоң бир жоопкерчилик. Абийирлүү (жүрөгү таза) ар бир адам муну билип жашайт. Жана Аллах жараткан миллиондогон жандыктардын, кемчиликсиз жайып төшөп койгон жер жүзү менен учу-кыйырсыз асмандардын арасында жашап жатып, булар жөнүндө ойлонбой, капылеттик ичинде өмүрүн сүрүүнү улантса, мунун сурагын бере албашын билет.
For thinking and unbiased people, a kitten, a bird, or a flower are all signs leading to faith.

Ыйман Акыйкаттарынын Маанилүүлүгүнө Куранда Көңүл Бурулат

He Who created and molded. He Who determined and guided. He Who brings forth green pasture, then makes it blackened stubble.
(Qur'an, 87:2-5)
Куранда адамды Аллахтын жаратканы, жаратуу максатынын Ага ибадат жана кулчулук кылуу экени, өлүмдөн соң аны түбөлүккө созула турган бир акырет жашоосунун күтүп турганы апачык кабар берилет. Ошондой эле, адам бул чындыктарга күбөлүккө өтүүчү «далилдер» жөнүндө да терең ойлонууга чакырылат. Куранда Аллахтын бар экендигинин, жалгыздыгынын жана сыпаттарынын анык далилдери болгон окуялар менен нерселер болсо «аят» деп айтылат. Аллахтын аяттары Курандагы жазылуу аяттардан тышкары, тышкы дүйнөдө жана адамдын өз напсисинде да бар. Куранда бул чындыкка «Жер жүзүндө так бир илим менен ишене тургандар үчүн аяттар (далилдер) бар. Жана өз напсилериңерде да. Дагы эле көрбөй жатасыңарбы?» (Зарият Сүрөсү, 20-21) деп басым жасалат. Бул чындык башка аяттарда болсо төмөнкүчө айтылат:
Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз. Раббиңдин ар нерседен Кабардар, Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи? (Фуссилет Сүрөсү, 53)
Эч күмөнсүз, ыймандуулар үчүн асмандарда жана жерде аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 3)
Асмандардын жана жердин жаратылышы менен аларда ар бир жандыктан чыгарып-жайышы Анын аяттарынан... (Шура Сүрөсү, 29)
Көрүнүп тургандай, Аллахтын бар экенин жана чексиз кудуретин көз алдыга тартуулаган далилдер бир эле Куранда эмес, айлана-чөйрөбүздүн бүт тарабында бар. Айнекке конгон бир чымчык же бакчадагы бир гүл же асмандагы бир жылдыз болсун, өмүр бою көргөн нерселерибиздин баары Раббибиз тарабынан «окушубуз» үчүн бизге жөнөтүлгөн бир кабар өзгөчөлүгүнө ээ. Бул жагынан караганыбызда бир гүл дагы – бир кат. Аны окуй алганга Жаратуучубуздун билдирме катын алып келген.
Кээ бир ыйман акыйкаттары болсо адамдарга Курандын акыйкат Китеп экенин далилдейт. Себеби; ааламдын жоктон пайда болушу жана кеңейиши, асмандар менен жердин бир-биринен бөлүнүшү, асман телолорунун орбиталары, дүйнөнүн тоголоктугу, асмандын корголгон бир чатыр кызматын аткарышы, атмосферанын кабаттары, жамгырдын пайда болушу, «төлдөтүүчү» (ичине киргизүүчү) шамалдар, деңиздердин бир-бирине аралашпашы сыяктуу Куранда керемет катары 1400 жыл мурда сүрөттөлгөн көптөгөн ыйман акыйкаты акыркы кылымдын илими менен гана бир-бирден ачылып, аныктала алды. Ушул сыяктуу темаларда Куран вахий кылынган доордо эч бир адам билбеген маалыматтардын Куран аяттарында кабар берилиши – Курандын Аллахтын сөзү экенин адамзатка дагы бир жолу апачык көрсөткөн маанилүү бир чындык.

Ыйман Акыйкаттарын Терең Көрүп-Түшүнүү Үчүн Ой Жүгүртүү Жана Маалымат Алуу...

Жүрөгү таза (абийирлүү) адам айланасындагы бүт нерселердин бир ыйман далили экенин билет. Деңиздеги олжосун кармоо үчүн сууну көздөй ылдыйлаган бир чайканын, жер бетинде бараткан кичинекей бир кумурсканын, жыл сайын канчалаган кило мөмө берген бир алма дарагынын, тонналаган салмагына карабастан асманда турган булуттардын, кыскасы, айланасында көргөн нерселеринин баарынын Аллахтын бар экендигинин далилдери экенин билет.
Бирок Куран аяттарында ыйман акыйкаттарын терең көрүп-түшүнүү үчүн дагы эки маанилүү өзгөчөлүк айтылат: ой жүгүртүү жана илимдүү болуу...
There is no creature on Earth that is not dependent upon God for its provision. He knows where it lives and where it dies. They are all in a Clear Book.
(Qur'an, 11:6)
• Аллах Куранда адамдарды дайыма асмандардагы, жердеги жана экөөсүнүн арасындагы жаратуу далилдерин, б.а. ыйман акыйкаттарын ойлонууга чакырат:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жер арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Аллах Курандагы көптөгөн аятында жараткан нерселери жөнүндө ойлонуп, алардан сабак, насаат алышыбызды талап кылат. Айланабыздагы жандуу-жансыз бүт нерселер биздин Аллахтын улуу жаратуу күчүн, чеберчилигин, илимин терең терең ойлонушубуз үчүн жаратылган. Аятта да айтылгандай, булардын эч бири жөн эле, максатсыз жаратылган эмес. Буларга эч маани бербөө жана алар жөнүндө ойлонбоо Аллахтын аяттарынан жүз буруу деген мааниге келет; ыймандуу адам мындай мамиледен өтө качынышы керек. Курандын көп жеринде Аллахтын аяттарынан жана жаратуу далилдеринен жүз бургандардын акыйкатты тануучулар экенине басым жасалат.
We sent down cascading water from the clouds, so that by it We might bring forth grains, plants, and luxuriant gardens.
(Qur'an, 78:14-16)
Адамдын түшүнүгүнүн тереңдешинде, ыйманынын бекемделишинде ыйман акыйкаттары жөнүндө дайыма ойлонуунун мааниси көп аяттарда айтылат. Бир аятта, мисалы, ыймандуулардын асмандардын жана жердин жаратылуусу жөнүндө терең терең ойлоноору айтылат:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)
Аллах ыйман акыйкаттарынын ойлонгон адамдар үчүн бир мааниси бар экенин билдирген. Бирок бул жерде «ойлонуу» дегенде кээ бир адамдар ойлогондой «Аллах кандай сонун жаратыптыр» же «кандай сонун бир жаныбар» деген сыяктуу ооз менен айтылган жаттамай сөздөр айтылып жаткан жок. Бул жерде Аллахтын жараткан нерселери жөнүндө узун узун, терең жана ар тараптан ойлонуу, жаратуудагы даанышмандык менен детальдарын байкоо жана натыйжада Аллахтын чексиз илимине, кудуретине жана чеберчилигине күбө болуу талап кылынууда.
Мында колдоно турган ыкмалардын бири болсо – бул айланабыздагы нерселер, кубулуштар жөнүндө анализ жана салыштыруу ыкмасын колдонуу. Аллах бир аятында мындай ойлонуу жолунун бир мисалын бизге төмөнкүчө үйрөтөт:
Эми силер ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Аны силер булуттан түшүрүп жатасыңарбы, же Биз түшүрүп жатабызбы? Эгер каалаганыбызда аны туздуу кылып коймокпуз; шүгүр кылышыңар керек эмеспи? (Вакыа Сүрөсү, 68-70)
Суу – дүйнөнүн төрт тарабын курчаган, дээрлик дайыма оңой гана табыла алган бир немат-жакшылык. Адамдардын көпчүлүгү өмүр бою күн сайын ичкен суусу жөнүндө балким бир жолу да ойлонгон эмес болушу керек. Суунун бар болушун жана биздин муктаждыгыбызга ылайыктуулугун кадыресе, катардагы, эч ойлонуу талап кылбаган бир кубулуштай көрөт. Бирок жогорудагы аяттарда айтылгандай, эгер Аллах каалаганда, суунун физикалык жана химиялык касиеттери башкача болмок же дүйнөнүн атмосфера түзүлүшү же температурасы башкача болмок. Анда «булут» деген нерсе болмок эмес жана булут болбогондуктан жер бетинде тузсуз суу булактары болмок эмес. Бизге океан, деңиздердин тузсуз суусу гана калмак; андай дүйнөдө адамзат же эч жашай алмак эмес же өтө оор шарттарда, тынымсыз бир суу каатчылыгы ичинде жашамак. Тузсуз суу болбогону үчүн эгин айдалып, дарактар да өстүрүлө алмак эмес жана бүт дүйнө чөлгө айланып, натыйжада тамак-аш каатчылыгы келип чыкмак. Бирок Аллах бизге тузсуз суу булактарын берип, буларды дүйнөнүн дээрлик бүт аймагына жеткирген. Бул үчүн, албетте, Аллахка шүгүр кылышыбыз керек.
People have only to look at their food. We pour down plentiful water, and then split the ground into furrows. Then We make grain grow in it, as well as grapes and herbs, olives and dates.
(Qur'an, 80:24-29)
Бирок, көрүнүп тургандай, чын жүрөктөн шүгүр кылуу үчүн эң биринчиден суунун чоң бир немат-жакшылык экенин байкоо керек; бул болсо «ойлонуудан» көз-каранды. Албетте, бул мисал айланабыздагы бүт табигый ресурстарга, жандыктарга жана кубулуштарга да тиешелүү. Баары бизге Аллахтан бир немат-жакшылык, бирок муну байкоо үчүн алгач ойлонуу, «эгер мындай болбосо, эмне болмок» деп карап салыштыруу, Аллахтын бүт нерседе канчалык так өлчөмдөр жаратканын түшүнүү зарыл. Башка бир аятта табигый кубулуштар жөнүндө ойлонуунун, алар жөнүндө «акыл жүгүртүүнүн» мааниси дагы бир жолу төмөнкүчө айтылат:
Түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, Аллахтын асмандан ырыскы түшүрүп өлүмүнөн соң жер бетин тирилтишинде жана шамалдарды (белгилүү бир тартип менен) башкаруусунда акылын колдонгон бир коом үчүн аяттар (далилдер) бар. (Жасия Сүрөсү, 5)
Аятта айтылган «акылын колдонгон» кишилер – бул ыймандуулар. Себеби акыл – ыйман менен гана келчү бир артыкчылык; ыймансыздар болсо акылы жок болгондуктан, Аллахтын аяттарын байкашпайт, айланаларындагы сансыз далилди көрүшпөйт. Асмандардагы жана жердеги сансыз аятты көрмөксөн, билмексен болуу Куранда бир мушрик (Аллахка шерик кошкон киши) мүнөзү катары сүрөттөлөт:
Асмандарда жана жерде канчалаган аяттар бар; жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет. Алардын көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. (Йусуф Сүрөсү, 105-106)
• Ыйман акыйкаттарын терең түшүнүү үчүн талап кылынган экинчи өзгөчөлүк болсо – бул илимдүү, маалыматтуу болуу. Бирок бул жерде маанилүү бир жагдай бар. Бир теманы ыйман акыйкаты катары көрүү үчүн сөзсүз ал теманын эң таң калыштуу тараптарын билип, анын детальдары жөнүндө толук маалыматтуу болуу керек эмес. Акылдуу ар бир адам айланасын караганда бир кереметтүүлүк бар экенин жана бүт нерсенин бир жаратуучусу бар экенин заматта түшүнөт. Бир курт-кумурсканы, мисалы, бир ийнеликти көргөндө аны бирөө жаратканын түшүнөт. Анын бир ыйман акыйкаты экенин түшүнүү үчүн ал жандыктын бар болушу эле жетиштүү. Бул жандык жөнүндө терең маалымат алып, ал жөнүндө ойлонуу болсо ыйманды күчөтө турган бир себепчи болот.
Жогорудагы суу мисалын эстейли. Суунун жашообуздагы маанисин билебиз. Бирок суу жөнүндө негизги физикалык, химиялык жана географиялык маалыматтарды алганыбызда суунун жашообуздагы маанисин жакшыраак түшүнөбүз. Суунун касиеттерин тереңирээк караганыбызда болсо суунун тоңушунан кеңейишине, агуучулук коэффициентинен химиялык касиеттерине чейин адам жашоосуна эң ыңгайлуу кылып жаратылганын тагыраак көрөбүз (бул темада тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: Harun Yahya, Evrenin Yaratılışı (Ааламдын жаратылуусу), 1999). Бул болсо терең ой жүгүртүшүбүзгө жана көбүрөөк шүгүр кылышыбызга себепчи болот.
The shape of raindrops is also the product of a special design.
Албетте, маалыматы өтө аз бир жаш бала да, канчалаган жыл бою билим алган өтө билимдүү бир профессор да таза жүрөгү менен караганда Аллахтын аяттарын оңой гана көрүп тааныйт. Бирок адам айланасында көрбөгөн нерселер жөнүндө ойлонушу үчүн, албетте, көп маалымат талап кылынат. Же айланасында көргөн бир нерсеси болсо да, аны тереңирээк ойлонуу үчүн анын майда-бараттарын билиши керек. Антпесе, белгилүү бир деңгээлде гана ой жүгүртө алат, ал тургай, кээде өтө үстүртөн болуп калат. Мисалы, космостогу системалар жөнүндө эч маалыматсыз, асманды карап ой жүгүрткөн бир адам менен астрономия илими күчтүү бир адамдын ой жүгүртүшү албетте бир-биринен айырмалуу болот. Же адам денеси, физиологиясы жана анатомиясы жөнүндө терең маалыматы бар бир кишинин адам денесиндеги кереметтерди байкашы бул темаларда маалыматы жок адамга караганда алда канча терең жана күчтүү болот. Аллах илимдүүлөрдүн акыл жүгүртүү жана түшүнүү жагынан билбегендерден жогору тураарына аяттарында көңүл бурат:
Мына ушул мисалдар; Биз буларды адамдарга берүүдөбүз. Бирок аалымдардан (илимдүүлөрдөн) башкасы буларга акыл жүгүртпөйт. (Анкебут Сүрөсү, 43)
Асмандардын жана жердин жаратылуусу менен тилдериңердин жана түстөрүңөрдүн ар түрдүү болушу Анын аяттарынан. Күмөнсүз, мында аалымдар (илимдүүлөр) үчүн чындыгында аяттар бар. (Рум Сүрөсү, 22)
Же ал түнкү сааттарда туруп сажда кылып жана кыямга туруп чын көңүлдөн моюн сунган (ибадат кылган), акыреттен корккон жана Раббисинин мээримин үмүт кылганбы (сыяктуубу)? Айткын: «Билгендер менен билбегендер бир болобу? Күмөнсүз, таза акыл ээлери сабак алып-ойлонушат.» (Зүмер Сүрөсү, 9)
Бирок бир нерсени кайра эске салуу керек; илимдин, маалыматтын бир эле өзү аны жоромолдой турган акыл, таза жүрөк жана баам-парасат болбогон соң адамды чындыкка жеткирбейт. Таза жүрөктүү жана чын ниеттүү бир адамдын илими гана анын Аллахты жакшыраак таанышы жана Ага жакындашышы үчүн маанилүү болот. Мына ушул себептен бүгүнкү күндө илим менен технологиянын өнүгүшү Аллахтын жаратуусундагы илимди, даанышмандыкты, чеберчиликти жана кылдаттыкты жакшыраак көрүп таанууга чоң салым кошууда.
Бүгүнкү күндө медицина, биология, астрономия сыяктуу илим тармактары урматында Аллахтын жаратуусундагы кереметтер менен кооздуктар жакшыраак жана тереңирээк көрүнүүдө. Бул маалыматтарды үйрөнүп, Аллах жараткан даанышмандыктар менен сулуулуктарды анализ кылган адамдардын Аллахтын чексиз кудуретине болгон таң калуусу эсе эсе өсүүдө.

2- Бөлүм: Ыйман Акыйкаттары Эмне Үчүн Маанилүү?

2- Бөлүм: Ыйман Акыйкаттары Эмне Үчүн Маанилүү?

Ыйман Акыйкаттары Ыймандын Келишине Себеп Болот

Ыйман акыйкаттары – адамдардын ыйман кылышына себепчи болгон эң маанилүү себептердин бири. Ыйман кылбаган киши терең бир капылеттик ичинде болот. Айланасындагы жаратуу далилдерин көрө албайт. Коомунун динден алыс болушу себебинен ою күнүмдүк жашоо менен алагды болуп, аң-сезими айланасындагы сансыз жаратуу далилдерин байкай албай турганчалык даражада алсыздаган болот. Мындай адамга, эгер ниети түз жана жүрөгү таза болсо, ыйман акыйкаттары айтып берилгенде, Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына, жандуу-жансыз бүт нерсени Аллахтын жаратканына ыйман кылышы, Аллахтын чексиз илими менен кудуретин көрүшү ыктымал. Ыйман акыйкаттары ниети түз, бирок атеист пропагандалар себебинен чындыктардан кабарсыз калган адамдардын Аллахтын каалоосу менен ыйманга жетишине өтө маанилүү бир себепчи болот.
Дүйнө бир сыноо мекени болгондуктан, бүт адамдарды ыйман кылууга мажбурлай турган, кишинин жүрөгү менен ыйманды тандашына мүмкүнчүлүк калтырбай турган даражадагы бир кереметти күтүү жаңылыштык болот. Мисалы, жерге ташталган урук бир канча секунда ичинде чоң бир даракка айланып калса, сөзсүз өтө таң калтырмак жана бул окуяга күбө болгондор муну улуу бир керемет дешмек. Бирок миллиарддаган дарактар жай чоңойгону үчүн бул жагдай бир караганда адамдарга кереметтей сезилбейт.
Башка бир мисал жөнүндө ойлонолу. Орточо 60-70 жыл ичинде улгайган бир адам денесинин бир заматта көз алдыңызда улгайып калганын элестетиңиз. Жаңы төрөлгөн бир наристе бир канча мүнөт ичинде тездик менен чоңоюп, жетилип, анан улгайып калса, албетте, бул таң калыштуу бир окуя болмок жана буга күбө болгон адамдарды ойлонууга түртмөк. Бирок бул жерде төмөнкүгө көңүл буралы; ушул эле окуя азыр да болуп жатат; бир гана айырма – ортодогу убакыт. Ушул эле окуянын байкалбай турганчалык жай жүрүшү көңүл коюусу, ой жүгүртүүсү начар адамдар үчүн кадыресе бир окуядай көрүнөт. Бирок чындыгында бул кубулуш толугу менен бир керемет. Бул кереметти байкоо үчүн болсо таза жүрөк жана чын пейил менен бул окуянын майда-бараттарын изилдөө, андагы жаратуу сырларын, кылдат эсептерди көрүү керек.
Капылеттик ичиндеги адамдар көрө албаган бир чындык бар; өз денелери да кошо айланадагы жана ааламдагы бүт нерселер – жаратуу кереметтери... Куранда адамдар мындайча эскертилет:
Көрбөй жатасыңбы; чындыгында Аллах асмандан суу түшүрүп, аны жердин ичиндеги булактарга өткөрдү. Анан аны менен ар кандай түстө эгиндер чыгарууда. Анан куурап баштайт, ошентип анын саргарганын көрөсүң. Анан аны куураган ыпыр-сыпырга айлантат. Күмөнсүз, мында таза акыл ээлери үчүн чындыгында насаат алына турган бир сабак (зикир) бар. (Зүмер Сүрөсү, 21)
Ыйман акыйкаттарынын терең айтып берилишинин мааниси мына ушул жерде көрүнөт. Капылеттик ичиндеги адамдардын күн сайын айланаларында болуп жаткан, бирок алар байкабаган көптөгөн жаратуу далилдерин, кемчиликсиздиктерди толугу менен алардын көз алдына тартуулоо бул кишилердин капылеттик пардаларынын ачылышында өтө натыйжалуу болот. Көп жылдар бою бүт адамдардын көзү көнүп калган жана көп адамдар эч ойлонбогон көптөгөн ыйман акыйкатына адамдардын көңүлү бурулса, бул ыймандык аң-сезимдин орношуна, абийирлеринин ойгонушуна жана атеизмдин негизсиз пропагандаларынын жок болушуна себеп болот.
Ыйман акыйкаттарын көргөндө жүрөгүнүн үнүн уккан кишинин акылына «булар кокустан же өзүнөн-өзү пайда боло албайт» деген ой келет. Булардын баарын жараткан улуу кудуреттүү Аллахтын бар экенин түшүнүп, Ага ыйман кылат (ишенет).

Ыйман Акыйкаттары Ыйманды Бекемдейт

And luxuriant gardens, orchards, and meadows for you and your livestock to enjoy.
(Qur'an, 80:30-32)
Ыйман акыйкаттарын бир эле Аллахка ишенбеген адамдар эмес, ыйман кылган адамдардын да үйрөнүп, алар жөнүндө ойлонушу өтө маанилүү. Аллах Куранда ыймандууларга ааламда жараткан далилдери жөнүндө терең терең ойлонууну буйруп, ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүнө басым жасайт.
Ыйман кылган бир адам намаз кылып, орозо кармап жана башка ибадаттарын кылуу менен бирге, терең ой жүгүртө да алышы керек. Куранда көңүл бурулган «асмандардагы жана жердеги» жаратуу далилдери жөнүндө терең ой жүгүртүү ыймандуу кишинин ыйманынын өсүшүнө, анык бир илим менен ыйман кылышына себепчи болот. Бир Куран аятында Аллахтын жер жүзүндөгү далилдеринин анык илим менен ыйман кылууга багыттай турганы кабар берилет:
Жер жүзүндө так (анык) бир илим менен ишене тургандар үчүн аяттар (далилдер) бар. Жана өз напсилериңерде да. Дагы эле көрбөй жатасыңарбы? (Зарият Сүрөсү, 20-21)
Аятта апачык айтылгандай, адамдын өз напсисиндеги жана жер жүзүндөгү ыйман акыйкаттары анык бир илим менен ишенүүгө себепчи болот. Анык илимге таянган бир ыйман болсо адамдын Аллах коркуусунун өсүшүнө, натыйжада Аллахтын буйрук менен тыюуларын тагыраак орундатышына шарт түзөт. Жаратуу далилдери жөнүндө терең ойлонгон бир адам ибадаттарын чын жүрөктөн берилип жасап, кылып жаткандарын Аллахтын көрүп тураарына жана жакшылыктары үчүн Аллахтын ага сыйлык берээрине анык ишенет. Ошол сыяктуу кетирген кичинекей катасын да Аллахтын билип тураары аны тообо кылууга жана каталарынан тездик менен кайтышына негиз түзөт.
How many creatures do not carry their provision with them! God provides for them and He will [provide] for you. He is the All-Hearing, the All-Knowing.
(Qur'an, 29:60)
Аллах Куранда ыймандууларга мындайча кайрылат:
Эй ыйман кылгандар, Аллахтан коркуп-тартынгыла жана (силерди) Ага (жакындата турган) себеп издегиле; Анын жолунда жехд (аракет) кылгыла, кутулууга жетээрсиңер. (Маида Сүрөсү, 35)
Аятта айтылгандай, адамдардын аларды Аллахка жакындата турган себеп издеши – кутулууга жетүүнү үмүт кылуу үчүн бир жол. Ыйман акыйкаттары да – ыймандууларга Аллахтын бар экени жана сыпаттары жөнүндө тереңирээк бир түшүнүк, аң-сезим бере турган, Аллахка көбүрөөк жакындата турган себептер. Мисалы, Аллах жараткан жандыктарды изилдөө, алардагы кемчиликсиз түзүлүш жана системаларга байкоо жүргүзүү жана алар жөнүндө ойлонуу Аллахтын чексиз илими менен кудуретине жакыныраактан күбө болууга шарт түзөт.
Мисалы, адам денесиндеги кереметтүү түзүлүштөрдү окуп үйрөнгөн киши Аллахтын бар экендигинин жана чеберчилигинин апачык далилдерин көрүп, өз денеси да кошо бүт нерсенин Аллахтын чыгармасы экенин жана дайыма Аллахтын контролу астында экенин түшүнөт. Ошондой эле, өзүнүн алсыздыгын байкап Аллахка андан да жакындайт. Аллахка болгон жакындыгы себебинен Анын ыраазылыгы менен мээримине жетүүгө көбүрөөк аракет кылат. Мисалы, балким мурда эч пайдасыз өткөргөн убакыттарын эми Аллахтын көбүрөөк ыраазылыгын алууга бөлүп, ибадаттарын көбүрөөк каалоо менен орундатат.
Жыйынтыктасак, ыйман акыйкаттары үстүртөн жана туурамчы бир ыймандан тахкики (анык илим менен, өтө бекем) жана күчтүү бир ыйманга өтүүдө өтө маанилүү бир роль ойнойт.

Ыйман Акыйкаттары Атеизмдин Пропагандаларын Жок Кылат

And people, beasts, and livestock are likewise of varying colors. Only those of His servants with knowledge have fear [and awareness] of God. God is Almighty, Ever-Forgiving.
(Qur'an, 35:28)
Азыркы заман – атеисттер менен дин душмандары адамдарга Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын жокко чыгартуу үчүн өтө көп аракет кылган бир доор. Бирок Аллах атеист-материалисттердин адашкан, жолдон чыккан философиясын жер менен жексен кыла турган мүмкүнчүлүк менен далилдерди да ыймандууларга сунду. Бул далилдердин башында ыйман акыйкаттары турат.
Аллахты тангандардын жактаган эң чоң жалганы – бул «жандуу-жансыз бүт нерселер кокустуктар натыйжасында пайда болгон» деген көз-караш. Атеисттер жайылтууга аракеттенген бул негизсиз пропаганданын бузулушу жана жашырууга аракет кылган жаратуу кереметтери ачыкка чыгышы үчүн айланабыздагы ыйман акыйкаттарын заманбап илимдин негизинде анализдөө жана аларды адамдарга айтып берүү керек. Жандыктардагы керемет түзүлүштөрдү, ааламдагы керемет системаларды жана миллиарддаган кылдат тең салмактуулукту толугу менен көргөн таза жүрөктүү адамдар булардын кокустан пайда боло албашын жана бүт нерсени улуу кудуреттүү Аллахтын жаратканын түшүнүшөт. Натыйжада атеисттер жайылтууга аракет кылган «кокустук» көз-карашы, аятта «...Акыйкат (чындык) келди, жалган (батыл) жок болду. Эч күмөнсүз, жалган жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81) деп айтылгандай, жок болот.
Ал эми ыйман акыйкаттарын билбеген бир адам болсо атеизм-материализм пропагандаларына карата өтө коргоосуз калат. Мунун жашоодо көп мисалдары бар. Өткөн жылдарды эле караганыбызда динчил бир үй-бүлөдө чоңойгон, жаш кезинде диний тарбия алган көп адамдардын жогорку класста же университетте окуп жүргөн кезинде айланасында көргөн, достошкон кээ бир адамдардын пикирдик таасиринен улам ишенимин жоготконун көп көрөбүз. Мунун себеби – атеисттердин өздөрүнүн негизсиз, далилсиз ишенимине «акыл жана илим» кооздугун бериши. Өздөрүн табият менен аалам жөнүндө бүт нерсени билген, жашоонун эрежелерин түшүнгөн, чындыктарды байкаган кишилердей көрсөтүшөт. Ушундайча динчил бир үй-бүлөдө өскөн, бирок ыйман акыйкаттарынан кабарсыз болгон жана ушул себептен «тахкики», б.а. анык илимге таянган бир ыйманы болбогон адамдарды алдап, жолдон чыгара алышат.
Ал эми ыйман акыйкаттарын билген бир адам болсо атеисттердин жалгандарын, көз бойомочулуктарын оңой гана көрүп, кыйратат. Өзүнө да, айланасындагы башка адамдарга да пайдасы тийет. Ыйман акыйкаттарынан кабарсыз болуу бир адамды атеисттердин калптарына карата коргоосуз кылса, ыйман акыйкаттарын билүү, түшүнүү жана түшүндүрүү динчил адамды ар кандай атеисттик философияны илим-пикир менен жеңишине шарт түзөт.

Ыйман Акыйкаттары Аллахты Жакшылап Түшүнүүгө Шарт Түзөт

That is God, your Lord. There is no deity but Him, the Creator of everything. So worship Him. He is responsible for everything.
(Qur'an, 6:102)
Ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонуу жана Аллахтын аларда чагылган сыпаттарын көрүү Аллахты алда канча жакшыраак жана жакындан таанууга шарт түзөт. Аллахты жакшыраак таанып, дайыма бүт тарапта Анын чагылууларын көрүп баштаган адам болсо бул артыкчылыгы натыйжасында Аллахтын кудуретин жакшы түшүнүп калат.
Мисалы, ыйман акыйкаттары жөнүндө терең маалымат алып, ой жүгүртүү натыйжасында бир адам төмөнкү чындыкты жакшыраак түшүнөт: дүйнөдө жашаган миллиарддаган адамды жана алардын жашоосунун ар бир көз ирмемин Аллах билип, контрольдоп турат. Бир денедеги триллиондогон клетка, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын денелери жана ааламдагы бүт жандыктар Аллахтын каалоосу менен бар жана жашап жатышат. Ар бир кыймылы Аллахтын каалоосу менен болуп жатат жана Аллахтын контролу астында. Мындай бир система иштеши үчүн чексиз бир күч, чексиз бир илим, чексиз бир акыл жана мээ талап кылынаары анык. Бир эле ушул чындык жөнүндө ой жүгүртүү да Аллахтын чексиз сыпаттарына жакыныраактан күбө болууга жана Аллахтын чексиз кудуретин жакшылап түшүнүүгө шарт түзөт.
Куранда Аллах кичинекей бир чымынды да бир ыйман акыйкаты катары мисал келтирген соң, бул чындыктарды билбей жашагандардын Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө албай турганын билдирет:
Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. Алар Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө алышкан жок. Күмөнсүз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 73-74)
Башка Куран аяттарында болсо ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонбогон кишилер жөнүндө айтылып жатып, ал кишилердин Аллахтан коркпошу кабар берилет:
Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер болгон Аллах. Андай болсо чындыктан соң адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)

He sends down water from the sky. From it you drink, and from it come the shrubs among which you graze your herds.
(Qur'an, 16:10)
Аяттардан көрүнүп тургандай, ыйман акыйкаттарын изилдөө жана окуп-үйрөнүү, алар жөнүндө терең ойлонуу Аллахтын жандуу-жансыз бүт нерселерди дайыма контрольдоп, башкарып тураарын анык бир илим менен түшүнүүгө себеп болушу керек. Жана мындай түшүнүк Аллахка толук моюн сунууга негиз түзөт. Денесиндеги татаал системаларды жана алардагы кылдат тең салмактуулуктарды билген жана алар жөнүндө ойлонгон бир момун (ыймандуу киши) эч кемчиликсиз иштеген бул системаларды пайда кылган акылдын дененин өзүнө тиешелүү эмес экенин түшүнөт. Дене деген нерсенин аң-сезими, сезүү органдары жана ойлонуу жөндөмү жок атомдордон турган бир клеткалар жыйындысы экенин көрөт. Мындай ой жүгүртүүнүн натыйжасында киши денесиндеги ар бир клеткага, ал тургай, ар бир атомго чейин бүт нерсенин Аллахтын буйругу жана каалоосу менен кыймыл-аракет жасаарына толук ынанат. Эч бир окуянын эч бир жеринде шанс же кокустук жок экенин түшүнөт.

Илимдүүлөр Гана Аллахтан Чындап Коркот

Does He Who created the heavens and Earth not have the power to create the same again? Yes indeed! He is the Creator, the All-Knowing. His command when He desires a thing is just to say to it "Be!" and it is.
(Qur'an, 36:81-82)
Ыйман акыйкаттары жөнүндө изилдөө жасап маалымат алуу, алар жөнүндө ойлонуу акырындап кишинин көп тараптан илимдүү болушуна шарт түзөт. Мындай кишилер, жогоруда да айтылгандай, Курандын сүрөттөөсү боюнча «терең илимдүү» же «илимдүү» кишилер болот. Илимдүүлөр ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонуу натыйжасында Аллахтын бүт тарапты ороп-курчап тураарына, Андан башка кудай жок экенине чындап күбө келтиришет:
Аллах чындап Өзүнөн башка Кудай жок экенине күбөлүк берди; периштелер менен илимдүүлөр да Андан башка Кудай жок экенине адилеттик менен күбөлүк беришти (күбө болушту). Азиз (Улуу) жана Хаким болгон Андан башка Кудай жок. (Али Имран Сүрөсү, 18)
Илимдүү адамдар Аллахтын өздөрүндөгү жана айланаларындагы чагылууларын дайыма көрүшөт. Мисалы, кичинекей бир кумурсканын кумурска колониясында ага тапшырылган кызматты эч тоң моюндук кылбастан жана өтө жөндөмдүүлүк менен орундатканын, уюгуна азык ташуу үчүн пландуу бир иштөө системасы бар экенин билген илимдүү бир киши ар бир көргөн кумурскада Аллахтын улуу акылы менен кудуретинин чагылуусун көрөт.
Ыйман акыйкаттары жөнүндө терең терең ойлонуп Аллахты жакыныраак тааныган илимдүүлөр Аллахтын күч-кудуретинин улуулугун жакшыраак түшүнүшөт. Ыймандуу ар бир адам Аллахтын күч-кудуретүүлүгүн билет. Бирок ыйман акыйкаттары жөнүндө көп маалыматы жок адамдар, мисалы, учуп бараткан бир чымчыкты көргөндө «Аллах кандай сонун жараткан» деп коюуну эле жетиштүү көрүшөт. Ал эми илимдүүлөр болсо чымчыктардын канаттарынын учууга ылайыктуу кылып жаратылганын, азыраак энергия сарптоо үчүн «V» формасында учаарын, түктөрүндөгү комплекстүү дизайнды билишет. Кыскасы, бир канаттуунун учушунан көбөйүшүнө, түктөрүнүн формасынан түсүнө чейин бүт баарынын Аллах тарабынан долбоорлоп жаратылганын билишет. Же мындай адамдар жаңы төрөлгөн бир наристени карап «кандай сонун наристе, Аллах узун өмүр берсин» деп айтуу менен эле чектелишет. Албетте, бир адамдын бир наристени караганда, Аллахты эстеши да жакшы көрүнүш. Бирок ал наристенин эне курсагындагы өрчүү этаптары жөнүндө ойлонуп, алардын баарын Аллах жаратканын, Аллахты тасбих кылууну, Аллахка шүгүр кылууну эстөө мындан да жакшы жана туурасы болот. Илимдүүлөр ал наристенин дүйнөгө келгенге чейинки башынан өткөргөн этаптарындагы кереметтүү тараптарды ойлонушат. Бир даана сперма клеткасынын өтө алыста жайгашкан жумуртка клеткасына жетишиндеги кереметти көрүп, эки башка денедеги бул эки башка клетканын бир-бирине толук төп келип биригип, убакыттын өтүшү менен көргөн, уккан, ойлоно алган бир адамга айлануусундагы кереметти эстешет. Бул кемчиликсиз жаратуу чеберчилигинин мисалдары жөнүндө ойлонушканда, Аллахтын улуу кудурети менен илими алдында ыймандары өсөт. Аллахтын ар бир чагылуусунда Аллахтын сыпаттарын сезген илимдүүлөрдүн Аллахтан болгон коркуусу да жогорулап, күчтөнөт. Илимдүүлөрдүн мындай өзгөчөлүгү –жогоруда да айтылгандай, Куранда төмөнкүчө кабар берилген:
...Кулдарынын арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат». Күмөнсүз, Аллах – улук жана күчтүү, кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 28)
And Earth—We spread it like a carpet, and how well We smoothed it out! And We created all things in pairs so that, hopefully, you would pay heed.
(Qur'an, 51:48-49)
Илимдүүлөр Куранда ушундай жогорку сыпаттар менен макталышкан. Бүт ыймандуулар да Куранда макталган ушундай илимдүүлөрдүн даражасына көтөрүлүүгө аракет кылышы керек. Ал үчүн болсо башына келген окуяларды, көргөн нерселерин бир ыйман акыйкаты катары көрүп баалашы керек жана алар жөнүндө ой жүгүртүшү зарыл.

Ыйман Акыйкаттары Адамдын Ойлонуу Масштабын Кеңейтет

Ыйман акыйкаттарын үйрөнүү, алар жөнүндө ойлонуу, сырларын жана майда-бараттарын көрүү адамдын ой жүгүртүү масштабын да кеңейтет.
The Sun and the Moon both run with precision. The stars and the trees all bow down in prostration.
(Qur'an, 55:5-6)
Бүгүнкү күндө адамдар жыш калктуу шаарлардын күңүрт атмосферасында, монотондуу өмүр сүрүшүп, Аллах дайыма бүт тарапта жараткан ыйман акыйкаттарын көрбөй, көрүшсө да аларды эч ойлонбой жашап жатышат. Ал эми ыйман кылган бир адам үчүн бүт нерселер ыйман акыйкаты болот. Жер жүзүндөгү жандуу, жансыз бүт нерселерди, ааламдагы тартипти Аллахтын жаратканын билген адам бүт нерсени ошого жараша баалайт. Мисалы, ыйман кылбаган адамдар да ыймандуу үчүн бир ыйман акыйкаты болот. Себеби Аллах Куранда мындай адамдардын болоорун кабар берген. Ошондой эле, Аллахтын бар экени апачык көрүнүп турганына карабастан, бул адамдардын ыйман кылбай жатышы ыймандуу адамдын ыйманынын өсүшүнө жана ыйманы үчүн Аллахка шүгүр кылышына себепчи болот. Ыйман акыйкаты катары бир эле дарактарды, гүлдөрдү же жаныбарлардын таң калыштуу өзгөчөлүктөрүн ойлонбойт. Ал үчүн Аллах жараткан жеңилдиктер, мисалы, транспорттук каражаттар, чөнтөк телефону же компьютер да – ыйман акыйкаты. Булардын да Аллахтын каалоосу менен пайда болгонун билет жана иштерин жеңилдеткени үчүн Аллахка шүгүр кылат.
Айланабызда көп кездешкен ачуулуу, өзүмчүл, орой жана жаман мамилелер бүт нерсени Аллахтын жаратканынан кабарсыз, караңгы (сабатсыз) адамдарга тиешелүү. Бүт нерсени ыйман акыйкаты катары караган, алар жөнүндө ойлонгон бир адам руханий жактан өсүп, тереңдейт.
Аллах мындай руханий тереңдик менен түшүнүктөн алыс, тар ойлонгон адамдарга Куранда «бедевилерди» (көчмөндөр) мисал көрсөткөн. Бедевилер Пайгамбарыбыз доорундагы шаардык араптарга окшобой, көчмөн өмүр сүргөн уруулар болгон. Шаардык араптар адабият жана сулуулук маданиятын билсе, бедевилер сабатсыз, орой мүнөздүү болушкан. Мындай мүнөз динди түшүнүү жана дин менен жашоонун алдындагы чоң бир тоскоолдук болот. Ошондуктан Аллах Куранда бедевилер жөнүндө мындай деген:
Бедевилер динди тануу жана эки жүздүүлүк жагынан күчтүүрөөк. Аллах элчисине түшүргөн чектерди тааныбашка да алар көбүрөөк жакын болушат. Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Тообо Сүрөсү, 97)
«Бедеви мүнөзү» караңгылыкты (сабатсыздыкты), оройлукту чагылтат. Мындай мүнөздү айыктыруу үчүн адамдар маданияттуу, терең ойлонгон, Аллахтын жаратуусундагы жогорку чеберчиликти жана даанышмандыктарды түшүнө алган абалга келүү үчүн аракет кылышы зарыл. Ыйман акыйкаттарын изилдөө, үйрөнүү, ойлонуу жана чечмелөө болсо Аллах бизден талап кылган ушундай маданияттын негизи. Бир аятта Мусулмандын мындай өзгөчөлүгү төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)

Жыйынтык: Ыйман Акыйкаттары Аллахтын Мээримине, Бейишине Жана Акыретте Жогорку Даражаларга Жетүүгө Себепчи Болот

... "The Lord of the East and the West and everything between them, if you used your intellect." (Qur'an, 26:28)
Ыйман акыйкаттарынын адамдардын Аллахты жакыныраактан таанып Ага ыйман кылышына себеп болоорун бул жерге чейин ар тараптан карадык. Ошондой эле, ыймандуулардын ыймандарын өстүрөөрүн, жүрөктөргө бекем ыйман салаарын, Аллахты жакшылап түшүнүүгө шарт түзөөрүн да айттык. Ыйман акыйкаттарын үйрөнүү жана ойлонуу натыйжасында жетишилген мындай мүнөздөр ыймандуу адамдын Аллах коркуусунун өсүшүнө, Аллахтын буйругу менен тыюуларын өтө жоопкерчилик менен орундатышына шарт түзөт. Натыйжада Аллахтын мээримине жетишине себепчи болушат. Аллахтын мээрими – бул дүйнөдө жакшылык, береке, сулуулук, акылдын өсүшү, илим жана даанышмандыктын берилиши, бейпилдик, кубаныч жана бакыттын берилиши, немат-жакшылыктардын берилиши сыяктуу берешендиктер. Акыретте болсо түбөлүк тозок азабынан кутулуу, түбөлүк бейиш немат-жакшылыктарына жана Аллахтын үзгүлтүксүз ыраазылыгына жетүү.
Ыймандын даражасына жараша бейиштеги даражалар да ар түрдүү болот. Ушул себептен ыйман акыйкаттарын терең үйрөнүп, Аллахтын чексиз сыпаттарына жакыныраактан күбө болгон жана мунун натыйжасында анык илимге таянган (тахкики), таза жана жогорку бир ыйманга жеткен момундардын бейиштеги даражалары да Аллахтын уруксаты менен ошончо жогору болот. (Эң туурасын Аллах билет.)
Ыйман акыйкаттарын изилдеген, окуп үйрөнгөн ыймандуулар терең ой жүгүрткөнү жана ичи титиреп Аллахтан корккону себептүү, Аллахтын уруксаты жана каалоосу менен, бейиштерде жогору даражалар менен сыйланышат:
Момундар (ыймандуулар) бир гана ушундай адамдар, Аллах эскерилгенде жүрөктөрү титирейт. Анын аяттары окулганда ыймандарын көбөйтөт жана бир гана Раббилерине тобокел кылышат (таянышат). Алар намазды туптуура кылышат жана аларга ырыскы катары бергендерибизден садака кылышат. Мына чыныгы ыймандуулар ушулар. Раббилери Кабатында алар үчүн даражалар, кечирим жана жогорку бир ырыскы бар. (Энфал Сүрөсү, 2-4)

3- Бөлүм: Ислам Аалымдарынын Ыйман Акыйкаттарынын Маанилүүлүгү Жөнүндө Ойлору

3- Бөлүм: Ислам Аалымдарынын Ыйман Акыйкаттарынын Маанилүүлүгү Жөнүндө Ойлору

Бизге ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүн көрсөткөн жана бул акыйкаттарды кантип чечмелөө керек экени жөнүндө бизге жол көрсөткөн маанилүү бир булак – бул өтмүштөгү же азыркы доордогу Ислам аалымдарынын эмгектери. Куранга жана сүннөткө толук моюн сунуп жашаган жана Куранга ылайык ойлонгон бул олуя адамдар ыйман акыйкаттарын изилдөөгө жана алар жөнүндө ой жүгүртүүгө өтө маани беришип, эмгектеринде да ыйман акыйкаттарын дайыма алдыңкы планга коюшкан. Бул бөлүмдө кээ бир Ислам аалымдарынын эмгектеринде орун алган ыйман акыйкаты мисалдарына жана бул теманын маанилүүлүгү жөнүндөгү пикирлерине орун берилген.

Имам Газали

Имам Газали он биринчи кылымдын экинчи жарымы менен он экинчи кылымдын баштарында жашаган Хорасандык бир Ислам аалымы болгон. Өз доорунун эң кескин мээлүүлөрүнүн бири деп кабыл алынат. Өз доорунун мужеддиди (Пайгамбарыбыздын хадистеринде кабар берилген, ар кылымдын башында диний акыйкаттарды доордун муктаждыгына жараша сабак берүү үчүн жөнөтүлгөн күчтүү аалым) деп кабыл алынат. Терең илими, күчтүү мээси жана күчтүү анализи менен атагы бир эле Ислам ааламына эмес, бүт Батыш дүйнөсүнө жайылган. Имам Газали ал доордо өзгөчө грек философиясынан таасирленип Куранга сыйбаган ишеним менен пикирлерди айткан кээ бир ойчулдарды өтө натыйжалуу кыйратып, ыйманды сактаган.
Бул атактуу аалым сабактарында жана маектеринде ыйман акыйкаттарына кеңири орун берген. Эмгектеринде да ар кандай темада ыйман акыйкаттарын көрүүгө болот. Эмгектеринде орун алган ыйман акыйкаттарынан кээ бир мисалдар жана ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү кээ бир сөздөрү төмөнкүдөй:
Эч бир өкүмдардын мамлекетин башкаруусу асмандар менен жердин мүлкүн жана бул ааламдын тартибин камсыз кылган Аллах Тааланын чарасындай тартиптүү эмес. Аллах Тааладан сулуураак, кемчиликсизирээк эч ким жок. Демек Аны көрүүдөн, Ага кароодон да ырахаттуураак бир нерсе болушу мүмкүнбү? Бул жерден көрүнүп тургандай, Аллах Тааланы жана Ага тиешелүү сырларды билүү бүт илимдерден ырахаттуураак.
Жүрөктүн ырахаты марифетуллах (Аллахты түшүнүү): ар сезим жактырган, ырахат алган нерселер бар. Көздүн ырахаты сулуу нерселерди көрүү, кулактын ырахаты каалаган нерселерин угуу, напсиники жеп-ичүү, жакындашы, душманын жеңүү сыяктуу нерселер. Жүрөктүн ырахаты болсо бүт нерсенин акыйкатын билүү, бул болсо марифетуллах. Марифетуллах жолунда канчалык алга кетсе, ошончо ырахат алат. Ааламдын Халики (Жаратуучусу) жана сактоочусу Аллах Тааланын заты жана сыпатына, сыры жана даанышмандыгына, эмгектер менен чеберчилигине, күч-кудуретине байланышкан марифеттен (ачылыштан, таануудан) да ырахаттуураак; Ага жакын болуу, Аны таануу кубанычы менен бакытынан да жакшы эмне болушу мүмкүн?1
Нутфадан (спермадан) жаратылган адам Аллахтын аяттарынан... Башында абалыңдын эмне экенин, анан эмне болгонуңду ойлон! Адамдар менен жиндер чогулса, спермадан бир көз, же кулак, же акыл, же кудурет, же илим же рух жарата алышмак беле? Андан сөөк, тамыр, нерв, тери, түк жана башкаларды жасай алышмак беле? Булар мындай турсун, Аллах жараткан соң адамдын мүнөз жана маңызын, затынын маңызын (өзүн, негизин) түшүнүүнү каалашса, муну да кыла алышмак эмес...
He has made night and day subservient to you, as well as the Sun and the Moon and the stars, all subject to His command. There are certainly Signs in that for people who use their intellect.
(Qur'an, 16:12)
Аллахтын берешендигин, ал укмуш кудурет менен даанышмандыкты караңыз, адамды кандай кучактоодо. Канчалык ажайып таң калыштуу; дубалда бир сүрөт же кооз бир сызык же оймо-чиймени көргөн адам токтоп, таң калып аларды карап, сүрөтчү буларды кантип жасады деп ойлонот, канчалык зор чеберчилик жасаган дейт; бирок ушул керемет ааламды жана Аллахтын жараткандарын көрүп туруп, аларды жана Аллахтын чеберчилиги менен даанышмандыгын ойлонбой, капылеттик кылат.2
Күн, ай, жылдыздар, булут, жамгыр, шамал жана табияттагы бүт күчтөр, баары Аллах Тааланын эркинде, буйругунда. Жазуучунун колундагы калем сыяктуу.3
Асманда канчалаган жылдыздар бар, жерден жүздөгөн эсе чоң. Алыс болгондуктан, чекиттей көрүнүшөт. Жылдыздар ушундай болгондуктан, асмандардын чоңдугун ушундан түшүнүүгө болот. Бүт бул жылдыздар ушундай чоңдугу менен сенин көзүңдө кичинекей эле көрүнөт. Мына ушул себептен буларды жараткандын улуулугу менен өкүмдарлыгын түшүнө аласың.4
Жылдыздардын көптүгүнө көңүл бургула... Кыймылы менен айланышы, айланып жатканда ылдамдыгы ар түрдүү. Кээ бири бир айда, кээ бири бир жылда, кээ бири он эки жылда, кээ бири отуз жылда айланып, көпчүлүгү ушул топтон. Ал жердеги таң калыштуу маалыматтар эч түгөнгүс... Аллах Таала бул кыска дүйнө өмүрүндө бул жагдайда берген илимдерди айтып берүүгө аракет кылсак, канчалаган күнгө созулат.5
Жүзүңдү асманга бур, асмандын жылдыздарын, алардын чыгып батышын, күн менен айды, алардын тынымсыз эч адашпастан чыгып-батышындагы айырмачылыктарды, кыяматка чейин улана турган керемет кыймылдарын, бир секунда да жолунан чыкпаган кыймылдарын насаат алып кара! Жылдыздардын көптүгүн, формасы менен түстөрүн ойлон. Күндүн бир жыл ичиндеги кыймылына назар сал. Эгер ал чыгып батпаганда, түн менен күндүз болмок эмес. Чыгышы менен батышындагы айырмалар болбогондо мезгилдер болмок эмес... Буларды санап бүтүүгө болбойт. Ааламдагы ар бир зерренин (эң майда нерсе, атом) канчалаган сырлары бар. Аалам бир үй болсо, асман анын чатыры.6

Имам Азам Эбу Ханифа

Эбу Ханифа азрети – Ханафий мазхабынын түзүүчүсү. Өз доорунда Мусулмандар арасында «Имамы Азам», б.а. «Эң чоң имам» деген ат менен таанылган. Мусулмандарга имамдык кылып, Исламды адамдарга жеткирүү жана Аллахтын өкүмдөрүн адамдарга түшүндүрүү үчүн өмүр бою күрөшкөн. Имамы Азамдын Аллахтын бар экенин далилдөөдө жана динди жеткирүүдө колдонгон эң негизги ыкмасы болсо ыйман акыйкаттары болгон. Бул чоң аалымдын ыйман акыйкаттарына берген маанисин бир мисал катары анын төмөндөгү атеист (дехри-табиятчы, материалист) бир адам менен болгон диалогун берели: ...
Багдаддын аркы жээгинде жашаган Эбу Ханифанын талкуу жасала турган убакта келбеши «дехринин» (атеисттин) жана топтун оюнда ар кандай суроолордун пайда болушуна себеп болот. Баары кызыгып турушат... «Эмне үчүн келген жок? Келбей койобу? Корктубу? Далил таба алган жокпу? ж.б. суроолор.! Имам Азам белгиленген сааттан бир аз убакыттан кийин келет. Дехринин маанайы көтөрүлүп, атеисттиги менен текебердиги ан сайын өскөн...
Эбу Ханифа кечирим сурап, кечигишинин себебин түшүндүрүп баштайт: аркы жээктен бул тарапка келе алууга бир унаа таба албадым. Күтүп баштадым. Балким бир кайык же сал келип, ошону менен барам деп ойлоп жаткам. Ошол убакта дарактардын кокустан жыгылып баштаганын көрдүм. Жыгылган дарактардын өзүнөн-өзү тактай, тактайлардын өзүнөн-өзү кайык болгонуна күбө болдум. Анан өзүнөн-өзү бир калак менен парус пайда болгонун көрдүм. Силерден андан да көп уят болбогонума кубанып, кайыкка түштүм. Кайык өзүнөн-өзү мени бул жерге алып келди...
Дехри (Аллахка ишенбеген талашчы) менен угуп жаткандар бул сөздөрдү түшүнбөй калышат. Табиятчылыкты жактаган, бүт нерсени табият пайда кылган деген талашчы мындай нерсе болушу мүмкүн эмес дейт.
Чоң имамдын күткөнү дал ушул болгондой...
Жылмайып мындай дейт: «Бир кичинекей кайыктын да өзүнөн-өзү, жасагычы жана устасы жок туруп пайда болушун кабыл албайсыз, анан кантип бул керемет ааламдын бир жасагычы, бир жаратуучусу болбостон өзүнөн-өзү пайда болгонуна ишенесиз? Аалам ааламдын эмес, Аллахтын чыгармасы. Бүт ушунча далилдер турганда, Аллахтын бар экени жөнүндө талаш баштоонун кажети да жок.7
He made the sea subservient to you so that you could eat fresh meat from it and bring out from it ornaments to wear. And you see the ships cleaving through it so that you can seek His bounty and so that, hopefully, you will show thanks.
(Qur'an, 16:14)

Абдулкадир Гейлани

11-кылымда жашаган Абдулкадир Гейлани да башка Ислам аалымдары сыяктуу ыйман акыйкаттарына өтө маани берген. Эмгектеринде адамдарды Аллахтын далилдери жөнүндө ойлонууга чакырган. «Аллахтын белеги» аттуу эмгегинде ыйман акыйкаттарына берген маанисин көрсөткөн кээ бир сөздөрү төмөнкүдөй:
Эй уул! Ааламдын ар бир зерресинде (майда бөлүгүндө, атомунда) Аллахтын кооз чеберчилиги бар. Бул кооз чеберчиликтердин ар бири Акыйкатка (Аллахка) жеткирүүчү далилдер. Терең ойлон. Ойлоруң тереңдеген сайын көтөрүлөсүң жана бийиктейсиң.8

Бедиүззаман Саид Нурси

Өткөн Хижрий кылымдын мужеддиди деп кабыл алынган чоң аалым Бедиүззаман Саид Нурси да бир Куран тафсири (чечмелөөсү) саналган Рисале-и Нур жыйнагында ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүн көп жерде айткан:
Бир сарай, жүздөгөн жабык эшиктери бар. Бир эшик эле ачылса ал сарайга киргенге болот, калган эшиктер да ачылат. Эгер бүт эшиктер ачык болсо, бир экөөсү жабылса, ал сарайга киргенге болбойт деп айта албайбыз. Хакаик-и иманийе (ыйман акыйкаттары) мына ошол сарай. Ар бир далил бир ачкыч; далилдеп, эшикти ачат. Бир эшиктин жабык болушу себептүү ал ыйман акыйкатынан баш тартып, танууга болбойт. Шайтан болсо кээ бир себептерге таянып, же капылеттик же сабатсыздык аркылуу жабык калган бир эшикти көрсөтүп; далилдөөчү бүт далилдерди көздөн өчүрөт. «Мына, бул сарайга киргенге болбойт. Балким сарай эмес, ичинде эч нерсе жок» деп, алдайт.9
And We send down water from the sky and make every generous species grow in it.
(Qur'an, 31:10)
Бедиүззаман Мектубат аттуу эмгегинде болсо өзгөчө бүгүнкү күндө ыйман акыйкаттарына бекем кармануунун маанисине токтолуп, өтмүштө жашап өткөн көп Ислам аалымдары эгер бул доордо жашаса, эң көп токтоло турган теманын да ыйман акыйкаттарын үйрөтүү аркылуу адамдардын ыйманын куткаруу болоорун айткан:
Силсиле-и Накшинин (Накши тизмегинин) баатыры жана бир күнү болгон Имамы Раббани (Р.А) Мектубатында айткан: «Ыйман акыйкаттарынан бир маселенин чыгышын миңдеген ырахаттар жана меважид (жүрөккө ырахат берген абалдар) менен кереметтерден өйдө көрөм.» Анан айткан: «Бүт тариктердин (жолдордун) акыркы чекити ыйман акыйкатынын ачылышы менен чыгышы.»... Демек Накши тарикатынын үч пардасы бар: бирөөсү жана эң биринчиси жана эң чоңу: түздөн-түз ыйман акыйкаттарына кызмат кылуу; Имамы Раббани да (Р.А.) акыр заманында (акыркы убагында) ошол жолдо болгон...
Демек акыйкат ушундай болгон соң; менин болжолум: эгер шейх Абдулкадир Гейлани (Р.А.) жана Шах-ы Накшибенд (Р.А.) жана Имамы Раббани (Р.А.) сыяктуу заттар ушул заманда болушканда, бүт эмгектерин ыйман акыйкаттарын жана Ислам негиздерин бекемдөөгө арнашмак. Себеби түбөлүк бакыттын таянычы ошолор. Аларда кемчилик кетсе, түбөлүк азапка (балээге) себеп болот...10
Башка жазууларында болсо устат Бедиүззаман ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндө мындай дейт:
Бул заманда ыйман акыйкаттары биринчи максат, биринчи милдет, негизги максат болушу керек. Мындан тышкаркы нерселер экинчи, үчүнчү, төртүнчү даражада калат. Рисале-и Нур менен аларга кызмат кылуу эң биринчи милдет, кызыгуу темасы жана негизги максат болушу керек... Рисале-и Нур рамкасы сыртындагы аалымдар балким олуялар бул саясий жана коомдук жашоонун мамилелери себебинен ыйман акыйкаттарынын маанисин экинчи, үчүнчү даражага калтырып, ошол агымдардын таасиринен, аны менен бир пикирдеги мүнафыктарды (эки жүздүүлөрдү) да сүйө турган болуп калды... Рисале-и Нурдун чыныгы шакирттери өлбөс алмаздар даражасындагы ыйман акыйкаттарын түшүндүрүү милдетин жасап жатышканда, заалымдардын шахмат оюндарына окшогон темалар менен алектене турган алардын ыйык милдеттерин үзгүлтүккө учуратпаш жана түшүнүктөрүн адаштырбаш керек деп ойлойм.11
Мындан тышкары, Бедиүззамандын өмүр баяны жөнүндөгү бир жазууда анын ыйман акыйкаттарына берген мааниси төмөнкүчө айтылат:
Бедиүззамандын ою боюнча негизги маселе; адамдын өзүн, башка нерселерди, ааламды жана түгөйлөрүн ыйман огунда кабылдашы. Эң негизги кызмат ушуга шарт түзүү... Ушундай жыйынтыкка келген Бедиүззаман муну айыктыруунун ыкмасын да иштеп чыкты: «тахкики (изилдеп текшерилген) ыйман» ал иштеп чыккан ыкманын маңызы эле. Кезек «тахкики ыйман» огунда алга жылып доордун технологиясы менен байый турган адамдарды тарбиялап өстүрүүгө келген эле. Мунун жолу болсо билим берүү эле.12
Бедиүззаман Табият Рисалеси аттуу эмгегинде да ыйман акыйкаттары темасына өтө кеңири орун берген. Барла Лахикасында болсо Рисале-и Нурдун эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн биринин ыйман акыйкаттарын ойлонтуп, «маддиййун жана табиййун» (материалист жана табиятчы) пикирдик агымдарынын оозун жабуу экенин айткан:
Рисале-и Нур Курани Хакимдин бир керемет руханияты жана бул замандын динсиздигине каршы руханий атом бомбасы катары сол агымдардын жүрөктөрдүн руханий байлыгын бузушуна жооп катары жүрөктөрдүн руханий байлыгын оңдоп адамдан адамга тахкики ыймандан келген керемет бир күч-кудуретке болгон таянычты окурмандардын жүрөктөрүнө берүүдө. Жана бул кызматты да кайра эле ыйык Кураныбыздын илхамы жана иршады (туура жолду көрсөтүүсү) жана сабагы менен орундатууда. Ой жүгүртүү ыймандык сабагы менен табииййун (табиятчылык) жана маддиййун (материализм) кыйратылган бул маселелерде тавхид (Аллахтын жалгыздыгы) нурун көрсөтүп; ыйман акыйкаттарын заттык ааламдан мисалдар менен далилдерди көрсөтүп баян кылат. Жогорку класстарда, университеттерде окутулган илим жана табигый-так илимдердин бул маселелеринде ыйман акыйкаттарынын далилин күн чыккандай көрсөтүүдө. Ушул сыяктуу көп тараптан Рисале-и Нур бул заманда ыймандуулар менен Ислам үчүн алдыңкы планда тутулушу керек болгон, ыймандуулардын колунда руханий алмаз бир кылыч. Кылымдын түшүнүгүнө, замандын аң-сезимине кайрылган, муктаждыкка эң туура келген, сабак берген жана түздөн-түз фейиз жана илхам аркылуу аяттардын жылдыздарынан келген Куран сабагы, бүтүндөй Марифетуллах далилдери.13
The two seas are not the same: the one is sweet, refreshing, delicious to drink, the other salty, bitter to the taste. Yet from both of them you eat fresh meat ...
(Qur'an, 35:12)
Устат башка кээ бир эмгектеринде да аалам менен жандыктардын жаратылуусундагы ыйман далилдерине көңүл буруп, бар болгон бүт нерсенин Аллахтын улуу кудуретин көрсөтүүчү далилдер экенин айткан. Бедиүззамандын ыйман акыйкаттары жөнүндөгү башка кээ бир сөздөрү мындай:
Эй ырахат менен жыргалга жулунган адам! Мен жетимиш жашымда миңдеген тажрыйбалар менен жана далилдер менен жана окуялар менен айн-үл йакин (көз менен көрө турган даражада көрүп, күбө болуп билүү) билдим: чыныгы ырахат жана кайгысыз жыргал жана кайгы-капасыз кубаныч жана өмүрдөгү бактылуулук бир гана ыйманда жана ыйман акыйкаттарында табылат. Дүнүйөлүк бир жыргалда болсо көптөгөн азап-кайгылар бар.14
Ар бир сөзү бир китепти жана ар бир тамгасы бир сапты камтыган бир китептин катчысыз (жазуучусуз) пайда болушу мүмкүн эмес. Аалам китеби да Наккаш-ы Эзелинин (Башы-аягы жок, Түбөлүктүү Оймо-чийме Устасынын) бар болушунан көз-каранды.15
Ааламда эч бир аң-сезимдүү жандык ааламдын бүт дарыларындай күбөлөрү бар Халык-ы Зүлжелалды (Улуу Жаратуучуну) жокко чыгара албайт... Жокко чыгарса, бүт аалам аны жалганчы кыла турганы үчүн оозу жабылып, эч майнап чыкпайт.16
Катардагы бир укмуш машина (техника, жабдык) тартиптүү жана пландуу формасы менен күмөнсүз бир адис жана өтө кылдат устаны көрсөткөн сыяктуу; ааламды толтурган эсепсиз тирүү машиналар (жандыктар) да, ар бири миңдеген илим кереметтерин көрсөтүшүүдө. Албетте, жылдыз курттун жарыгына салыштырмалуу күндүн нуру (жарыгы) даражасында илимдин көрүнүштөрү менен ал жандыктар уста жана түбөлүктүү усталарынын (жаратуучуларынын) бар экенине жана мабудиятына (ибадат кылынууга ылайыктуулугуна) апачык күбөлүк беришет.17
Керемет бир иш аны жасаган бирөөсүз болбойт. Маанилүү бир китеп жазуучусуз болбойт. Чебер бир оймо-чийме узсуз болбойт... Албетте, бул ааламды толтурган өкүм кылган иштердин бир жасагычы жана жер жүзүнүн ар мезгил сайын жаңырып турган таң калыштуу оймо-чийме кооздуктарынын, маанилүү катынын бир жазуучусу, бир узу бар.18
Раббибизди бизге сүрөттөгөн үч чоң, жалпы котормочу бар. Бирөөсү: мобул аалам китеби. Бирөөсү: мобул улуу китептин улуу аяты болгон Хатемүъл-Энбия (Акыркы пайгамбар) алейхиссалату вассалам. Бирөөсү болсо Кураны Азимүшшан (Улуу Куран).19
Башыңды көтөр, көзүңдү ач! Мобул ааламдын улуу китебин бир кара; ал ааламдын жалпы пейзажынын улуулугу даражасында бир тактык менен Жалгыздыктын мөөрүн көрсөтүп жатканын көрөсүң.20
Бүт мөмөлөр жана ичиндеги уруктар Раббаний даанышмандыктын бир керемети, Аллахтын чеберчилигинин бир керемети, Аллах мээриминин бир тартуусу, Аллахтын жалгыздыгынын бир материалдык (заттык) далили, акыретте Аллахтын берешендиктеринин бир сүйүнчүсү, кудуретин толук түшүнүүгө жана илиминин капташына бир чынчыл күбө болуп; мобулар көптөгөн нерселер ааламында жана мобул дарак сыяктуу көбөйгөн бир ааламдын айланасында жалгыздыктын (Аллахтын жалгыздыгынын) күзгүлөрү. Көздөрдү көптүктөн жалгыздыкка бурушууда.21
Эгер акылың күмөндөрдүн арасында калбаган болсо муну түшүнөсүң: бир кудурет сөзүн, мисалы, бал аарыны көп буюмдарга бир кичинекей каталог сымал кылуу; жана бир бетте, мисалы адамда мобул аалам китебинин көбүрөөк маселелерин жазуу, жана бир чекитте, мисалы кичинекей анжир (инжир) данегинде чоң анжир дарагынын программасын ичине камтуу жана бир тамгада, мисалы адам жүрөгүндө мобул улуу ааламдын баскычтарында чагылып, курчаган бүтүн ысымдарынын издерин көрсөтүү жана бир жасмык (чечевица) уругундай жерди ээлеген адам эс-тутумунда бир китепканадай текст жаздыруу жана бүт нерсе менен байланыштуу окуялардын кеңири маалыматтуу каталогун ичине камтуу, албетте жана албетте, Бүт нерсенин Жаратуучусуна тиешелүү жана бул ааламдын Рабб-и Зүлжелалына тиешелүү бир мөөр.22

Мехмед Захид Котку

He stretched out the land and placed firmly embedded mountains and rivers on it, and made two types of every kind of fruit. He covers over day with night. There are Signs in that for people who reflect.
(Qur'an, 13:3)
Мехмед Захид Котку 1897-1980-жылдар арасында жашаган. Өмүр бою даанышман сөздөрү, сабактары жана Курандык кызматтары менен адамдарга мугалим болгон. Куранды өзүнө жол башчы тутуп, адамдарга түшүндүрүүгө аракет кылган. Адамдарга Аллахтын бар экендигинин анык далилдери болгон ыйман акыйкаттарын айтып берген. Эмгектериндеги ыйман акыйкаты мисалдары жана ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Ойлонгон бир коом үчүн Аллах Тааланын бар экени жана жалгыздыгы жөнүндө жерлерди жана асмандарды ойлогондо сансыз сабактар жана белгилер бар. Ошондуктан, кайра кайра жерлерди жана асмандарды кароо жана алардан сабак алуунун Женабы Хакка (Аллахка) бурулууга себепчи болоорунда эч күмөн жок.23
Аллахтын макулуктарын жерде, асманда, деңизде, абадагыларынын түрү менен санын биле алабызбы? Мунун санын жаратуучубуз улуу Аллахтан башка эч ким биле албайт. Микроб деп бизди аябай коркуткан жана көзгө көрүнбөгөн кичинекей, бирок адамдарды, ал тургай, жаныбарларды жана ал тургай мөмөлөрүбүздү кыйнаган жана биз эч түгөтө албаган жандыктар Аллах Тааланын бар экенин жана жалгыздыгын далилдөөгө жетпейби? Ошол кичинекей макулук кантип чоң бир адамды бир заматта жерге жаткырып, өлүмгө чейин алпарат. Албетте, ойлонгон адам үчүн мында көп насаат (сабак) бар.24
Көрүнүп тургандай, Ислам аалымдары ар доордо ыйман акыйкаттарын динге чакырууда эң алдыңкы планда тутушкан. Эмгектериндеги сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, Ислам аалымдары ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонушкан. Бул ой жүгүртүүлөрүн башка адамдарга да айтып берип, аларды Аллахтын бар экендигинин далилдерин түшүнүүгө, Аллахтын сыпаттары жөнүндө ойлонууга чакырышкан.
Алардын мындай ой жүгүртүү ыкмасы бизге өрнөк болушу керек жана азыркы заманбап доор бизге сунган бүт илимий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, ыйман акыйкаттарын жакшыраак үйрөнүп, изилдеп, чечмелешибиз керек.

Footnotes

1 Online at: www.hakikat.com/nur/tsvf/tsvf16.html.
2 Imam Ghazali, Zubdet-ul-ihya, Huccet-ul-Islam (Sayings of Imam Ghazzali), Muhammad al-Qasimi, (Istanbul: Kitabevi Publishings, 1973), 579.
3 Imam Ghazali, Kimya-yi Saadet (Alchemy of Happiness), trans. by A. Faruk Meyan (Istanbul: Bedir Publishings), 712.
4 Ibid., 707.
5 Ibid., 706-07.
6 Imam Ghazali, Zubdet-ul-ihya (Sayings of Imam Ghazzali), 584.
7 Emin Arik, Ateizm'den Inanca (From Atheism to Belief), 4th ed. (Istanbul: Marifet Publishings, 1998), 68.
8 Abd al-Qadir al-Jilani, Ilahi Armagan (The Divine Gift), 39.
9 Bediuzzaman Said Nursi, The Risale-i Nur Collection, "The Flashes": The 13th Flash.
10 Ibid., "The Letters," The 5th Letter.
11 Ibid., "Kastamonu Lahikasi" (Kastamonu Additions), 84-85. Online at:www.yeniasya.org.tr/rslhtm/KAST_78.HTM.
12 For Bediuzzaman Said Nursi's life, see www.nesil.com.tr/wwwroot/turkish/nursi-tr/nursi.html.
13 Bediuzzaman Said Nursi, The Risale-i Nur Collection, "Barla Lahikasi" (Barla Additions), 412.
14 "The Rays," The 14th Ray.
15 Saban Dogen, Risale-i Nur'dan Vecizeler (Good Sayings From Risale-i Nur Collection), 2nd ed. (Istanbul: Genclik Publishings), 161.
16 Ibid., 162.
17 Ibid.
18 Nursi, The Risale-i Nur Collection, "The Words," The 31st Word.
19 Ibid., The 19th Word.
20 Ibid., The 22nd Word.
21 Ibid., The 32nd Word.
22 Ibid., The 22nd Word.
23 Mehmed Zahid Kotku, Tasavvufi Ahlak (Mystical morals), 4th ed. (Istanbul: Seha Nesriyat, 1991), 228.
24 Ibid., 229.